Редакцияот 11.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Шопоков шаардык депутаттар кеңешинин Х чакырылышынын XХVIII кезексиз сессиясы

 

 

2024-жылдын «11» кулжа айы № 188

Шопоков шаарынын аймагында сырткы жарнакты жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө

Сокулук районунун шааркулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын сунуштаган сырткы жарнакты жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу эрежелерин карап чыгып, талкуулап, депуттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Шопоков шаардык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

1. Шопоков шаарынын аймагында сырткы жарнакты жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу эрежелери бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Шопоков шаар мэриясынын аппарат жетекчиси Ж.Токталиевага жүктөлсүн.

 

 

Төраганын орун басары

 

К.С.Джеенчороев