САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын XII сессиясы
2025-жылдын 3-декабры № 98
Айыл өкмөтүнүн бюджетинин беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34- жана 39-беренесинин негизинде жана Самаркандек айыл өкмөтүнун башчысы Рахман у. Т. билдирүүсун угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Самаркандек айыл өкмөтүнун икирешелер планына (14151200) жер казынасынын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчун жыйымдар беренесине 1908,4 миң сом акча каражатын толуктоо белгиленсин.
- КР Финансы Министрлигинин Баткен башкармалыгынан чыгаша бөлүгүнүн такталган планына аппарат бөлүмүмүнүн 2215-башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу беренесине 1908,4 миң сом акча каражатын кошуп берүү жагы суралсын.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнун финансы-экономикалык бөлүмүнун башчысы К.Масалиевага тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Тѳрага: |
Ш.Гапаров |