Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз XIII сессиясы
2025-жылдын 7-ноябры № 13/1
Өзгөн шаарынын Өзгөн каналын коргоо аймагын белгилөө жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин XIII сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралуу” жобонун негизинде, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралуу” жобонун негизинде Өзгөн шаарынын Өзгөн каналынын коргоочу зонасынын тышкы чегинин аймагын суунун көлөмунун аз болгондугун эске алып, 3-метр өлчөмүндө бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Өзгөн каналын жээгинде курулган жеке менчик турак жайлар жана соода сатык объектилеринин ээлери менен мыйзам чегинде эки тараптуу келишим түзүп келтирилген зыяндын ордун каптап берүү максатында жумуш алып баруу жагы Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго тапшырылсын.
3. Жогорудагы каналдын жээгин ачуу боюнча шаардын башкы планына ылайык иш алып баруу жагы Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Шамаматов |