Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2026-жылдын 16-февралы № 99
Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын ичинде аткарган иштери боюнча Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34- жана 39- беренесинин негизинде Самаркандек айылдык кеңеши Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Рахман у. Тайирбектин отчетун угуп талкуулап чыгып, токтом кылат:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын ичинде аткарып келген иштер боюнча отчету айрым кемчиликтерин белгилөө менен канаатандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Тѳрага: |
Газыбек у.А |