Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз XIII сессиясы
2025-жылдын 7-ноябры № 13/2
Өзгөн шаарынын Борбордук базарынын аймагындагы муниципалдык менчикке кабыл алынган жер тилкесинде белгиленген убакыттарда соода сатык кылууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 23-ноябрындагы №01-06/1178 катын угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетин көбөйтүү максатында борбордук базардын аймагында муниципалдык менчикке кабыл алынган жер тилкесинде жөө жүргүнчүлөргө жана өрт өчүрүү кызматынын унааларына тоскоолдук жаратпоо шарты менен күндүзгү убакыттарда белгиленген сааттарда соода сатык кылууга макулдук берилсин.
2. Мыйзамга ылайык ижара келишимин түзүп иш алып баруу жагы Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго, аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Шамаматов |