Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2026-жылдын 16-февралы № 100
Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2026-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2027-2028-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин жана 39-беренесине жана Самаркандек айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык Самаркандек айылдык Кенешитоктом кылат:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2026-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 31796,2 миң сом, анын ичинен теңдештирүүчү грант 15641,1 миң сом, 2027-жылга божомолу 33490,7 миң сомго, анын ичинен теңдештирүүчү грант 15641,1 миң сом, 2028-жылга божомолу 35343,7 миң сомго, анын ичинен теңдештирүүчү грант 15641,1 миң сом болуп бекитилсин.
2. Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин 2027-2028-жылдарга божомолу №2-3тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2026-жылга жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге каралган чыгымдар: (атайын каражаттар менен) жалпы 31796,2 миң сом өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин (статьялар боюнча тиркелет).
5. 2026-жылга айыл окмот аймагында озгочо кырдаал катталган учурда өзгөчө кырдаал үчүн 800,0 мин сомго чейин акча каражаты бөлүнуп берилсин.
6. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-жылдын жыл башына калган бюджеттик калдыктары №5 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
7. 2026-жылга айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерден түшкөн ижара акысы 285,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. 2026-жылга Самаркандек айыл өкмөтүнүн резервдик фонду №6 тиркемеге ылайык 650,0 миң сом болуп бекитилсин.
9. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин бюджет жана финансы маселелеры боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
10. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
11. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
12. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Тѳрага: |
Газыбек у.А |
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын № 100 токтому №1 тиркеме
1. Атуулдардын эмгек акыларынан алынуучу салык 10659,5
2. Патенттин негизиндеги салык 290,6
3. 2-топтогу ишкердик иш учун пайдаланылган
кыймылсыз мулкко салык 48,7
4. 3-топтогу ишкердик иш учун пайдаланылган
кыймылсыз мулкко салык 0,0
5. Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун
пайдалануу учун жер салыгы 190,3
6. Комур салыгы 42,8
7. Айыл чарба жерлерин пайдалануу учун жер салыгы
8. Милдеттуу патент 0,0
9. Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба