Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII- чакырылышынын) кезектеги XV сессиясы
2025-жылдын 23-декабры № 15/1
Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 27- ноябрындагы “Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) туруктуу комиссияларынын сандык жана сапаттык курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” №1/4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин фракцияларынын сунуштарынын жана «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-декабрындагы №12 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы “Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) туруктуу комиссияларынын сандык жана сапатттык курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” №1/4 токтомунун тиркемесиндеги:
- 1-пунктундагы “Шамаматов Нурилло Маматкаримович” деген сөз “Камбаров Сайдулло Мамасобирович” деген сөзгө алмаштырылсын,
- 4-пунктундагы “Шамуратов Улугбек Юлдашбаевич” деген сөз “Чолуков Уран Абдиназарович” деген сөзгө алмаштырылсын,
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Шамаматов |