Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII- чакырылышынын) кезектеги XV сессиясы
2025-жылдын 23-декабры № 15/2
“Өзгөн Таза-Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан ичүүчү сууга жана саркынды сууларды чыгарууга болгон төлөмдүн (тарифтерин) прейскурантын бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 16-декабрындагы биргелещкен отурумунун №8 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Өзгөн Таза Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасынын ичүүчу сууга жана саркынды сууларды чыгаруунун өздүк баасы жана категориялары боюнча бааларынын (тарифтердин) прейскуранты төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:
- Ичүүчү суунун өздүк наркы 29,89 сом,
- Калк үчүн 1м.куб ичүүчү суу үчүн 26,25 сом.
- Жеңилдетилген негизде төлөөчүлөр үчүн 15,30 сом
- Бюджеттик мекеме ишканаларга 1м.куб ичүүчү суу үчүн 37,06 сом
- Комерциялык ишканаларга 1м.куб ичүүчү суу үчүн 95 сом
- Саркынды сууларды чыгаруунун өздүк наркы 28,87 сом
- Калк үчүн 1м.куб саркынды сууларды чыгаруу үчүн 26,25 сом.
- Бюджеттик мекеме ишканаларга 1м.куб саркынды сууларды чыгаруу үчүн 63 сом
- Комерциялык ишканаларга 1м.куб саркынды сууларды чыгаруу үчүн 134,81 сом
2. Тариф саясатын 2026-жылдын 1-январынан колдону жана бекитилген тарифтер боюнча түшүндүүрү иштерин жүргүзү ”Өзгөн Таза Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчиси И.Бакасовго аны көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Шамаматов |