Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII- чакырылышынын) кезектеги XV сессиясы
2025-жылдын 23-декабры № 15/4
Өзгөн шаарынын айрым көчөлөрүн наамын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген жобого ылайык «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12- декабрындагы отурумунун № 12- протоколунун, негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өзгөн шаарынын Бирлик көчөсүн аты өзгөртүлүп, Нодиров Латипжан дын ысымы ыйгарылсын.
2. Өзгөн шаарынын Новоселов көчөсүн аты өзгөртүлүп, Макаров Михаил Петровичтин ысымы ыйгарылсын.
3. Өзөн шаарынын Кара - Шоро жана Кашкар көчөлөрүн аты өзгртүлүп, Зухриддинов Махамадумардын ыымы ыйгарылсын.
4. Өзгөн шаарынын Мусофир-Ата көчөсүн аты өзгөртүлүп,Исабаев Абибула Абдулатовичтин ысымы ыйгарылсын.
5. Өзгөн шаарынын Матросов көчөсүн аты өзгөртүлүп, Уметалиев Арстанбектин ысымы ыйгарылсын.
6.Жаңы Өзгөн кварталындагы аты жок көчөгө - Калыев Аширбайдин ысымы ыйгарылсын;
7.Өзгөн шаарынын көчөсү Хамза көчөсүн аты өзгөртүлүп, Базарбаев Абдулазимдин ысымы ыйгарылсын;
8. Кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө тийиштүү документтерди 5 жумушчу күндүн ичинде жиберүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына, шаардын картасына керектелүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Өзгөн шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Н.Ташмаматовго, аны көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаар мэри Э.Таевке милдеттендирилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Шамаматов |