Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII- чакырылышынын) кезектеги XV сессиясы
2025-жылдын 23-декабры № 15/5
“Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” жөнүндөгү Жобосуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-декабрындагы отурумунун №12 протоколунун негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өзгөн шаарынын социалдык–экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич, Кахаров Алишер Абдухалилович, Абдурахманов Хатамжан Омаралиевич, Козубаева Кумушхон, Кочкорбаева Адашханга “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2.“Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган жарандарга “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылгандыгын тастыктоочу документтерди даярдоо жана салтанаттуу тапшырууну уюштуруу Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Шамаматов |