Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз XVI сессиясы
2026-жылдын 14-январы № 16/1
Өзгөн шаарынын Курманжан Датка орто мектебинин аймагына жаңы курулган №10 мектепке чейинки билим берүү уюм-мекемесине “Жеткинчек муун”аталышын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген жобого ылайык «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 29-декабрындагы отурумунун № 13 протоколунун, негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өзгөн шаарынын Курманжан Датка орто мектебинин аймагына жаны курулган №10 мектепке чейинки билим берүү уюм-мекемесине “Жеткинчек муун” аталышы ыйгарылсын.
2. Кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө тийиштүү документтерди 10 жумушчу күндүн ичинде жиберүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына, шаардын картасына керектелүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Өзгөн шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Н.Ташмаматовго, аны көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаар мэри Э.Таевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Шамаматов |