Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз XVI сессиясы
2026-жылдын 14-январы № 16/2
Өзгөн шаардык мэриясынын муниципалдык менчигиндеги 2190 м2 жер тилкесин Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Өзгөн району боюнча башкармалыгына мөөңөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 14-январындагы отурумунун №1 протоколунун чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын Борбор кварталында жайгашкан Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигиндеги бош турган 2190 м2 жер тилкесин Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Өзгөн району боюнча башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго, аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге милдеттендирилсин.
3. Өзгөн шаардык кеңешинин 2025- жылдын 23--декабрындагы №15/3 токтому жокко чыгарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Шамаматов |