Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
2026-жылдын 5-февралы № 17/2
Өзгөн шаарынын Борбор кварталында жайгашкан Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигиндеги бош турган 1951,25 чарчы метр жер тилкесин жаңы административдик имарат куруу үчүн Өзгөн райондук прокуратурасына мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча” жана “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссияларынын 2026-жылдын 5-февралындагы биргелешкен отурумунун корутундусунун негизинде Өзгөн шаардык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын Борбор кварталында жайгашкан Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигиндеги бош турган 1951,25 чарчы метр жер тилкесин жаңы административдик имарат куруу үчүн Өзгөн райондук прокуратурасына мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго, аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Шамаматов |