Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын “09” февралы № 53/XVI – 4
Кайыңды шаарынын 60 лет Октября көчөсүн Алыкул Осмонов атындагы көчөгө өзгөртүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө”1997-жылдын 25 - сентябрындагы № 67 - Мыйзамынын 7 - беренесине ылайык, Эл аралык Алыкул Осмонов фондунун “Кайыңды шаарынын көчөлөрүнүн бирине Алыкул Осмоновдун ысымын берүү” жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын 60 лет Октября көчөсүнө кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири Алыкул Осмоновдун ысымын берүүгө макулдук берилсин.
2. Көчөнүн аталышын өзгөртүү, белгилерди алмаштыруу жана номерлөө боюнча чыгымдар Кайыңды шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У.Б. Абдрасулов |