Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин ХХII сессиясы (VIII чакырылыш)
2026-жылдын 17-февралы № 22/95
Кызыл-Кыя шаарынын 2026-жылга шаардын жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына таянып, Кызыл-Кыя шаарынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндөгү маселе шаардык кенештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 10-11-12-февраль айындагы №33 протоколу менен каралып, такталгандыгын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Кыя шаарынын 2026-жылга бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 254325,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2026-жылга шаардык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары тиркеме-1 ылайык бекитилсин.
3. 2026-жылга шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн багыттары тиркеме-2 ылайык бекитилсин.
4. 2026-жылга 704-экономикалык бөлүкчөдөгү бөлүгүнүн акча каражаттары тиркеме-3 ылайык бекитилсин.
5. Шаардык бюджеттик мекемелердин чыгашаларынын 2025-жылы каржыланбай калган кредитордук карыздары 2026-жылдын бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн.
6. Шаардык бюджеттин 2026-жылдын 1-январына болгон эркин калдык 33807,5мин сомду түзөт, тиркеме-4 ылайык бекитилсин.
7. 2026-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада жүгүртүлүүчү нак акча 3100,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кенешинин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: |
А.Мурзаев |
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин
2026-жылдын 17- февралындагы
кезектеги 22-сессиясынын
№ 22/95 токтомуна
тиркеме-1
Кызыл-Кыя шаардык жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн
2026-жылга бөлүнүшү
(мин сом менен)
Элемент (8) | ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТ | 2026-ж |
|
Кирешелердин аталышы | Контролдук сумма |
| |
| |||
| 1 | 6 |
|
| Кирешелер+активдер жана милдеттемелер (жерсатуу)+трансферттер | 254 325,3 |
|
1 | Кирешелер | 253 845,3 |
|
11 | Салыктык кирешелер | 239 309,4 |
|
11111 | Жеке жактар-КР нын резиденттеринен алынуучу киреше салыгы | 202 215,0 |
|
11111100 | Салык агенти толоочу киреше салыгы | 202 215,0 |
|
11122200 | Патенттин негизинде салык | 18 000,0 |
|
11311 | Кыймылсыз мулкко салык | 1 660,7 |
|
11311100 | Ишкердик иши учун пайдаланылбаган кыймылсыз мулкко салык | 354,6 |
|
11311200 | 2 – топтогу ишкердик иши учун пайдаланылган кыймылсыз мулкко салык | 1 306,1 |
|
11312 | Кыймылдуу мулк салыгы | 0,0 |
|
11312100 | Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык | 0,0 |
|
11312200 | Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык | 0,0 |
|
1132 | Жер салыгы | 17 391,7 |
|
11321100 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу учун жер салыгы | 2 513,7 |
|
11321200 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу учун жерсалыгы | 0,0 |
|
11321300 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу учун жер салыгы | 14 878,0 |
|
11442 | Роялти | 42,0 |
|
11462440 | Ичуучу жана техникалык суулар | 42,0 |
|
14 | Салыктык эмес кирешелер | 14 535,9 |
|
1415 | Ижара акысы | 12 450,0 |
|
14151200 | Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетуу учун алынган лицензия учун акы | 100,0 |
|
14152100 | Калктуу конуштардагы жер ижарасы учун акы | 5 300,0 |
|
14152110 | Калктуу конуштарда жер ижарасы учун акы |
|
|
14152600 | Жерди кайра болуштуруу фондунун жерлеринин ижарасы учун акы | 1 050,0 |
|
14153 | Мулк ижарасы учун акы | 6 000,0 |
|
14211200 | Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулуштардын ижара акысы | 6 000,0 |
|
14224200 | Таштандыларды ташып чыгаруу учун жыйым | 450,0 |
|
14224300 | Автотранспорт токтотуу учун жыйым | 1 620,9 |
|
14224410 | Алкоголдук продукцияларга лицензия алуу | 15,0 |
|
3 | Активдер жана милдеттенмелер | 480,0 |
|
| Айыл –чарбасына жараксыз жерлер | 480,0 |
|
Шаардык кенештин жооптуу катчысы: У. Дарипова
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2026-жылдын 17- февралындагы кезектеги 22-сессиясынын №22/95 токтомуна тиркеме-2
Кызыл-Кыя шаардык жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2026-жылга бөлүнүшү
Шаардык кенештин жооптуу катчысы: У. Дарипова
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2026-жылдын 17-февралындагы кезектеги 22-сессиясынын №22/95 токтомуна тиркеме-3
|