Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 19 сессиясы
2026-жылдын 20-февралы № 16
А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы жалпы билим берүү мектептеринин аталыштарын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, А.Масалиев айыл аймагындагы А.Навои, Амур Темур, С.Айни атындагы мектептердин эмгек жамаатынын протоколдорун эске алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Разъезд айылындагы №33 А.Навои атындагы жалпы билим берүү мектебинин аталышын Исхак Раззаков атына өгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ташкоргон айылындагы №2 Амур Темур атындагы жалпы билим берүү мектебинин аталышын Жусуп Абдрахманов атына өгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Калача айылындагы №15 С.Айни атындагы жалпы билим берүү мектебинин аталышын Султан Ибраимов атына өгөртүүгө макулдук берилсин.
4. Тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы мектеп директорлоруна жүктөлсүн.
5. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |