Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 19 сессиясы
2026-жылдын 20-февралы № 17
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган жер аянттарын жана мамлекеттик фонддун кайрак айдоо жерин аукцион аркылуу ижарага берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, муниципалдык менчиктеги жана мамлекеттик фонддогу жер аянттарын натыйжалуу пайдалануу, жер ресурстарын ачык-айкын берүү максатында, А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган жалпы аянты 97,99 га, Какыр айылындагы 35,70 га жер аянттары жана айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун кайрак айдоо жеринен 26,0 га жер аянты аукцион аркылуу ижарага берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 97,99 га жер аянтынан 9,0 га жер аянты жана 35,70 га жер аянтынан 1,0 га жер аянты айыл аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 0,50 га дан түз келишим менен берилсин.
3. Жер аянттарын ижарага берүүдө ар бир лот 1,0 га дан, ижарага берүү мөөнөтү 5 жыл, ар бир лоттун баштапкы баасы 16000 (он алты миң) сом, ар бир шаг 2000 (эки миң) сом деп белгиленсин.
4. Аукционду өткөрүү жана уюштуруу милдети айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Аукцион Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ачык-айкын өткөрүлсүн.
6. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
9. А.Масалиев айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги №31/1 токтому жокко чыкты деп табылсын.
Төрага |
Т.Галботоев |