Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-ноябры № 57/Х111-29
2025-жылга Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин
киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Бөлүм башчысы С.Т.Толбашиевдин айыл өкмөтүнө кирешелердин келип түшүүсүнө байланыштуу, Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кудук айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн 4500,0 (төрт миллион беш жүз миң) сомго көбөйтүү:
- 11111100- салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы 3000,0 (үч миллион) сом;
- 11122300- патенттин негизиндеги салык 1000,0 (бир миллион) сом;
- 11122300- калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгы 500,0 (беш жүз миң)
2. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн төмөнкү бөлүмдөр боюнча 4500,0 (төрт миллион беш жүз миң) сомго көбөйтүү:
- 70629 "ТЖЧ" бөлүмү - 3111 беренеси "жолду капиталдык оңдоо" беренеси 3443,0 миң сом суммасына;
70629 "ТЖЧ" бөлүмү - 2222 беренеси "электр эсептегичтерин алуу " 297,8 миң сом;
- 70911 "балдар бакчасы" бөлүмү 2222 "кеңсе товарларын алуу" беренеси 222,1 миң сом;
-70911-бөлүм 2222 беренеси "Аппарат " "канцелярдык товарларды алуу" суммасы 158,2, миң сом
-70921 "мектеп" бөлүмү 2222 "кеңсе товарларын алуу" беренеси 144,3 миң сом;
-71092-бөлүм "социалдык камсыздоо" 2721-берене “Социалдык камсыздоо” майыптар күнүнө карата 234,6 миң сом.
2. Бул токтом расмий булактарга жарыялансын Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
3. Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ак-Кудук айылдык кенешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Дж.Маванкуй |