Редакцияот 19.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 19-декабры № 01-7/19

Эксковатор кызматынын прейскурантта баасын бекитүү жөнүндө

 

“Таза Айыл” муниципалдык ишканасынын директору С.Бербаевдин атайын техника, HYUNDAY 150 эксковаторунун прейскурантта баасын бекитип берүү жөнүндөгү 2024-жылдын 17-декабрындагы №01-04/78/1 кайрылуу катынын негизинде маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Таза Айыл” муниципалдык ишканасына тиешелүү атайын техника, HYUNDAY-150 эксковаторунун прейскурантта баасы 1 саат үчүн кызматы төмөндөгүдөй бекитилсин:

- аймактын калкына жана башка субьектилерге – 3500 сом;

- Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө – 2700 сом.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн

башчысына жана “Таза Айыл” муниципалдык ишканасынын директоруна жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.Дж. Долоталиев