Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-февралы №35
“Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2026-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2027-2028-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 3-Главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун, 2-пункутчасына жана Ак-Сай айылдык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык Ак-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IХсессиясы токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2026-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 22509,0 миң сомго анын ичинен Теңдештирүүчү трансферт 15642,6 миң сомго жана 2027-жылга божомолу 23153,4 миң сомго, анын ичинен Теңдештирүүчү трансферт 15642,6 миң сомго 2028-жылга божомолу 3858,4 миң сомго бекитилсин.
2. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн менчигине түшүүчү жер салыктарынын чегерүү өлчөмдөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2026-жылга жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге каралган чыгымдар: (атайын каражаттар менен) жалпы 22509,0 сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин. (статьялар боюнча тиркелет).
5. 2025-жылга айыл өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерден түшкөн ижара акысы 185,0 миң сом өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2026-жылга Ак-Сай айыл өкмөтүнүн резервдик фонду №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2027-2028-жылдарга божомолу №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. 2026-жылга айыл өкмөт аймагында өзгөчө кырдаал катталган учурда, өзгөчө кырдаал үчүн 300,0 миң сомго чейин акча каражаты бөлүнүп берилсин.
9. Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин 2026-жылдын жыл башына калган бюджеттик калдыктары №8 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
10. Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага |
Ш.Омурова |
Ак-Сай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын № __ токтомуна
№1 тиркеме
1. Атуулдардын эмгек акыларынан алынуучу салык 4055,6
2. Турак эмес имаратка же жайга мүлк салыгы 21,9
3. Жер салыгы 170,5
4. Патент 382,6
5. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия 1500,0
6. Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы 185,0
7. Калктуу конуштагы жерлердин ижара акысы 130,0
8. Жайыт жерлерин ижарага берүүдөн тушкөн салык 310,0
9. Таштанды чыгаруу үчүн чогултулуучу салык 10,8
10. Айыл чарба жерлерин сатуудан түшкөн киреше 100,0
11.Теңдештирүүчү грант 15642,6
Жалпы кирешелер: 22509,0
№2 тиркеме Ак-Сай айыл өкмөтүнүн бюджетинин менчигине түшүүчү жер салыктарынын чегерүү өлчөмдөрү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин: айыл өкмөттүн бюджетине 100%
№3 тиркеме 2026-жылга жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге каралган чыгымдар: (атайын каражаттар менен) жалпы 22509,0 миң сом өлчөмүндө статьялар боюнча тиркелет.
№4 тиркеме 2026-жылга айыл өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерден түшкөн ижара акысы 185,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
№5 тиркеме Айыл өкмөтүнүн 2026-жылга резервдик фонду 450,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
Айыл өкмөтүнүн бюджети:
Жалпы 22509,0 миң сом менен бекитилсин.
Жооптуу катчы: Баймуратов К