Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-февралы №36
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагында көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жѳнүндѳ.
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Жусупова Гулмиранын “Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчисинин 2025-жылдын 28-октябрындагы №27-28392 сандуу тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” 2025-жылдын 19-августундагы №502 токтомунун 2-пунктунда көрсөтүлгөн тапшырмалар” жѳнүндѳгү баяндамасын угуп, талкуулап, финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-беренесинин 8-пуктуна ылайык, Ак-Сай айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айылдык аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби бир жайга 5 000 (беш миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы С.Анаровко жүктөлсүн.
3. Бул токтом .ak-say.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага |
Ш.Омурова |