Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-февралы №38
Ак-Сай айылдык кеңеши III-сессиясында 2025-жылдын 12-февраль № 15 –токтому менен бекиткен Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жж.карата социалдык –экономикалык өнүктүрүү программасына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө.
”Тынчтык үчүн суу, климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу жана бейпил жааматтар” долбоорунун алкагында түзүлгөн Ак-Сай айыл өкмөтү боюнча демилгелүү топтордун кайрылуусунун негизинде токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 12-февраль 2025-жылдагы № 15 –токтомуна ылайык2025-2027-жылдарга карата бекитилген социалдык экономикалык программасынын өзгөртүү жана толуктоолор тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Программага киргизилген толуктоолор жана өзгөрүүлөрдүн аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
4. Бул токтом .ak-say.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин
Тѳрага |
Ш.Омурова |
Иш-чаранын сүрөттөлүшү | Жооптуу жана катышуучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Каржылоо булактары ресурстар | Мониторинг белгилери (I жарым жылдык) | Мониторинг белгилери (II жарым жылдык) | |
5. | Мейкиндик | |||||
1) | "Климаттык өзгөрүү, суу ресурстарын жана инфраструктураны башкаруу, суу үнөмдөөчү технологиялар" боюнча семинар-тренинг өткөрүү | Айыл өкмөтү Дыйкандар Элдер | 2025-2027-ж | Донорлор демөөрчүлөржергиликтүү бюджет | Семинар тренингтер өткөрүлдү 60 киши катышты | Семинар тренингтер өткөрүлдү 60 киши катышты |
2) | "Климаттык өзгөрүүлөргө бейпил жана туруктуу жааматтар" экологиялык форумун өткөрүү. | Айыл өкмөтү Дыйкандар Элдер
| 2025-2027-ж | Донорлор демөөрчүлөр жергиликтүү бюджет | Форум өткөрүлдү 50 киши катышты | Форум өткөрүлддү 50 киши катышты |
3) | Ак-Сай айылында 0,5 га аянтта тамчылатып сугаруу ыкмасы менен көрсөтмө талаа уюштуруу | Айыл өкмөтү Дыйкандар Элдер
| 2025-2027-ж | Өнүктүрүү фонду жергиликтүү бюджет, донорлор, жеке жактар | Документ иштерин даярдоо донорлорду табуу | Көрсөтмө талаа уюштурулду |
6. | Айлана чөйрө | |||||
1 | Арыктарды бетондоо жана лотоктор орнотуу аркылуу суунун жоголушун азайтуу | Айыл өкмөтү, Донорлор, жеке ишкерлер | 2025-2027-ж | Өнүктүрүү фонду донорлор инвесторлор | Документ иштерин даярдоо | Арыктар бетондолуп лотоктор орнотулат |
2 | Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү социалдык объекттерге (мектеп, бала бакча, ФАП) суу тазалоочу фильтр орнотуу | Айыл өкмөтү, Донорлор, жеке ишкерлер | 2025-2027-ж | Өнүктүрүү фонду донорлор жергиликтүү бюджет | Документ иштерин даярдоо | Суу тазалоочу филтирлер орнотулат |