Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-ноябры № 60/Х111-29
Трансформатордук көмөкчордондорду өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Сессияда айыл өкмөтүнүн балансында турган трансформатордук көмөкчордондорду Чүй электр тармактар ишканасынын НЭСК ААКсынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 20-ноябрындагы №9906 сандуу катын карап чыгып,көмөкчордондорду тейлөө жүргүзүлбөгөндүктөн жана алар канааттандыраарлык эмес абалда болуп, авариялык өчүрүүлөргө алып келип абоненттер үчүн олуттуу ыңгайсыздыктарды жараткандыгына байланыштуу Ак-Кудук айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Төмөнкү трансформатордук көмөкчордондор Чүй электр тармактар ишканасы ААКсынын балансына өткөрүп берилсин:
1. Первомайское айылы, Герцен көчөсү дареги боюнча жайгашкан трансформатор, жер тилкеси 12 ч.м ;
2. Первомайское айылы, Пионер көчөсү дареги боюнча жайгашкан трансформатор, жер тилкеси 30,96 ч.м ;
3. Хунчи айылы, Ленин көчөсү дареги боюнча жайгашкан трансформатор
25 м.кв
2. Бул токтом Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
3. Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ак-Кудук айылдык кенешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Дж.Маванкуй |