Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-ноябры № 62/Х111-29
Долбоорлорду өткөрүүгө өздүк салымды бөлүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин сессиясында айыл өкмөтүнүн 2024-2027-жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык программасында каралган иш чараларды долбоор жазуу аркылуу аткаруу жонүндо маселесин карап жазылган долбоорлор Кыргыз Республикасынын Финансы Минстрлигинин дем берүүчү гранттарды каттоо мекемеси, облустук жана райондук өнүктүрүү фондору тарабынан колдоо тапкан кезде айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражатты бөлүштүрүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук жалпы орто билим берүү мектебинин чатырын капиталдык оңдоо боюнча долбоор,жалпы суммасы 5745250 сом, анын ичинен айыл өкмөтүнүн салымы 1723575 сом каражат жергиликтүү бюджеттен которулсун;
2. Киров айылындагы Садовая көчөсүн (656*4,5м) жана Кутузов көчөсүн (568*4,5м) капиталдык оңдоо боюнча долбоор, жалпы суммасы 9093944 сом, анын ичинен айыл өкмөтүнүн салымы 4093944 сом каражат жергиликтүү бюджеттен которулсун;
3. Милянфан айылындагы Фрунзе көчөсүн (1480м) капиталдык оңдоо боюнча долбоор, жалпы суммасы 9953404 сом, анын ичинен айыл өкмөтүнүн салымы 4953404 сом каражат жергиликтүү бюджеттен которулсун;
4. Первомайское айылындагы “Бөбөк дүйнөсү” балдар бакчасын (ички жылытуу тутум) капиталдык оңдоо боюнча долбоор, жалпы суммасы 837441 сом, анын ичинен айыл өкмөтүнүн салымы 3374411 сом каражат жергиликтүү бюджеттен которулсун;
5. Хунчи айылындагы Гагарин көчөсүн (852м) капиталдык оңдоо боюнча долбоор, жалпы суммасы 6242183 сом, анын ичинен айыл өкмөтүнүн салымы 1872655 сом каражат жергиликтүү бюджеттен которулсун;
6. Вышка-манипуляторду сатып алуу боюнча долбоор, жалпы суммасы 5400000 сом, анын ичинен айыл өкмөтүнүн салымы 1620000 сом каражат жергиликтүү бюджеттен которулсун;
7. Бул токтом Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
8. Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ак-Кудук айылдык кенешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Дж.Маванкуй |