Загрузка документа…
ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2026-жылы 17-февралы №8
Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга тарифтерди бекитүү жөнүндө
“Өндүрүш жана тиричилик калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле Экономика-финансы, бюджет, ишкердикти жана тышкы экономикалык байланыш, муниципалдык менчик маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусун угуп жана талкуулап чыгып Төрт-Гүл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга төмөнкү тарифтер бекитилсин:
а)калк үчүн:-жеке турак жай үйлөргө 1 айга 100 (жүз) сом
б)мекемелер, уюмдар жана ишканалар үчүн м2 20 (жыйырма) сом
в)комерциялык объекттер үчүн м2 20 (жыйырма) сом
2. Курулуш таштандылары , жаныбарлардын кыгы, чөп жана чөп калдыктары чыгарылбасын.
3. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Торага: |
Н.Артыков |