Загрузка документа…
ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2026-жылы 17-февралы №9
“Төрт-Гүл” муниципалдык ишканасы тарабынан калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө тарифтерди белгилөө жөнүндө
“Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле Экономика-финансы, бюджет, ишкердикти жана тышкы экономикалык байланыш, муниципалдык менчик маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусун угуп жана талкуулап чыгып, Төрт-Гүл айылдык кеңеши токтом кылат:
Торага: |
Н.Артыков |
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2026-жылдын “______”__________ №_______токтомуна тиркеме
“Төрт-Гүл” муниципалдык ишканасы тарабынан калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтери.
Айыл аймактын тургундарына:
1. Калк үчүн суу акысы 1 (бир) жан башына: Айыл аймактагы тургундарга 30 (отуз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Мектептер жана бала бакчалар үчүн суу акысы 1 куб метри үчүн 30 (отуз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Мекеме-ишканаларга берилген суу үчүн 1 куб метрине 30 сом өлчөмүндө төлөм алынсын.
4. Таза суу линияснынан алган турак үйлөр жана короо-сарайлар үчүн суу акысы 1 түйүнүнө (точкасына) 400 сом өлчөмүндө белгиленсин.
5. Баткен шаарынан келген таза суу линиясынан Баткен шаарынын тургундары жекече суу чыгарып алган учурда, ар бир суу алуу түйүнүнө (точкасына) 400 сом өлчөмүндө төлөм алынсын.
6. Чек айылынынын тургундары жекече суу чыгарып алган учурда, ар бир суу алуу түйүнүнө (точкасына) 400 сом өлчөмүндө төлөм алынсын.
Жооптуу катчы: Т.Сапаров