Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз IX- сессиясы
2025-жылдын 15-октябры № 136
Каракол айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 14-октябрындагы № 2 “Каракол айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 9 айында пайдаланылбай калган жана үнөмдөлгөн каражаттарды бөлүү жана айыл аймагынын көйгөйлүү маселелерин каржылоого макулдук берүү жөнүндөгү” протоколдук чечимдери жөнүндө
Каракол айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 14-октябрындагы № 2 “Каракол айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 9 айында пайдаланылбай калган жана үнөмдөлгөн каражаттарды айыл аймагынын көйгөйлүү маселелерин каржылоого макулдук берүү жөнүндөгү” протоколдук чечимдери менен таанышып жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көпүрө-Базар айылына парк курууга (06.08.2024-ж, токтом №53) жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен бөлүнгөн 4 (төрт) млн сом акча каражатынын багыты өзгөртүү жана бөлүнгөн акча каражатын айылдын көйгөйлүү маселелерин чечүүгө каржылоо жөнүндөгү Каракол айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 18-сентябрындагы №114 токтомуна тоолуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилип, эркин каражат эсебинен бөлүнүп, бирок пайдаланылбай калган акча каражаты Көпүрө-Базар айылынын жана айыл аймагындагы мекеме-уюмдардын социалдык-тиричилик шарттарын каржылоого макулдук берилсин:
- Көпүрө-Базар айылындагы Жаңы -Арык ж.б каналдарынын ремонттоого – 2411,1 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин курулуш бөлүмүнүн 3111-статьясынан,
- Кум-Бел каналын ремонттон өткөрүү үчүн жетпей калган акча каражатын толуктоого 955,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин курулуш бөлүмүнүн 3111-статьясынан,
- Каракол айыл аймагындагы үч айылдын мекеме -уюмдарына акылдуу эсептегич алууга - 633,9 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин 2215-статьясынан;
2. Бөлүнгөн акча каражатынын максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө жагы тармактык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каракол айыл өкмөтүнөн суралсын.
Төрага |
| Э. Р. Тилекова |