Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз VII сессиясынын
2025-жылдын 11-апрели № 11/7
Датка айыл аймагынын жайыттарында аймактын жашоочуларынын майда жана ири мүйүздүү малдарын жаюу
үчүн жана жайытты башка максаттарга пайдаланууга (туризим, шагыл кариер ж.б) акы белгилөө жөнүндө
Датка айыл аймагынын жайыт жерлеринде жашоочулардын үй жаныбарларын натыйжалуу жаюу үчүн “Датка” муниципалдык ишканасынын жайыт жерлер боюнча бөлүмү тарабынан уюштурулган аймактын жашоочуларынын малчылар менен жалпы чогулушунун жыйынтыгын карап чыгып (2.04.2025-ж. протоколу), талкулап Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Датка айыл аймагындагы жайыттарга чыгуучу мал жандыктардын жайыт үчүн жыйымдардын төлөмдөрү төмөнкү өлчөмдө белгиленсин:
- Бир баш майда малга (сезонго) - 50 сом;
- Бир баш чон бодо малга (сезонго) - 250 сом.
- Жылкы жана төөлөргө- 300 сом;
- Торпок, кулун – 175 сом,
- тоют ондурудон (чоп чабуудан) - 1200 сом,
- Башка айыл өкмөтүнөн келген жайыт пайдалануучуларга эки эсе тарифде белгиленсин.
Жайытка болгон баалар КР мыйзамына ылайык төмөнкундөй коэффицент менен белгеленсин:
- Чон бодо малдын коэффициенты – 1,0;
- Төөгө, жылкыга – 1,2;
- Майда жындыктарга – 0,2;
- Торпоктор менен төөнүн баласына - коэффициенты – 0,7;
2. Туризим багыты боюнча жайыт жерлердин төлөмдөрү төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленсин.
- Жеңил курулуш, боз үй тигүү, сөөрү, саамал ж.б – 1 га 5000 сом
- Туризим багыты боюнча суунун боюнда жайгашкан жайыт жерлер 1га сот 30 000 сом
3. Белгиленген жыйымдарды казынага келип түшүүсүнүн толуктугун жана каржылоонун мыйзамдуулугун көзөмөлдөө жоопкерчилиги Датка муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Рыскелдиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык Кеңешинин Бюджет , экономика, инвестициялар жана муниципалдык менчик боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Аман уулу Алмазбек |