Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 11-июнундагы № 1/8
Датка айыл аймагынын Медресе айылындагы №533 контурдагы 0,01га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу боюнча
Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кайрылуусун (чыг.№19/1013 2025-жылдын 29 май) карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин №13–беренесин жетекчиликке алып, карап жана талкуулап Датка айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын Медресе айылындагы №533 контурдагы 0,01 га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин;
2. Аталган жерлер боюнча тиешелүү иштерди аткаруу Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;
3. Мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Кадастр” мекемесинин Кара-Суу райондук филиалынан суралсын;
4. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы.Мамасалиевага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык Кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |