Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 11-июнундагы № 2/8
Датка айыл аймагынын Таштак айылындагы №124 орто мектебине
Юсупов Абдулхамиддин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Датка айыл аймагынын Таштак айылындагы №124 орто мектебине Юсупов Абдулхамиддин ысымын ыйгаруу жөнүндө кайрылуусунун негизинде, Таштак айыл тургундарынын жана N124 орто мектебинин жамаатынын биргелешкен билдирүүсүнүн жана педагогикалык кеңешмесинин жыйынынын протоколун (2025-жылдын 22 майындагы №7) карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6- майындагы №244 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндө" токтомун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008- жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык Датка айыл аймагынын айылдык КеңешининVIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясын угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын Таштак айылындагы №124 орто мектебине Юсупов Абдулхамиддин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышы Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.А. Каримовко жүктөлсүн;
3. Мектепке ысым ыйгаруу боюнча чыгымдар демилгечи тарапка жүктөлсүн;
4. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы.Мамасалиевага жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин “Социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча” комитетине тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |