Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 11-июнундагы № 3/8
Датка айыл аймагынын Падаван айылындагы №132 негизги мектебине
Жусуп Абдрахманов ысымын ыйгаруу жөнүндө
Датка айыл аймагынын Падаван айылынын Мачак участкасындагы №132 негизги мектепке Жусуп Абдрахмановтунысымын ыйгаруу жөнүндө кайрылуусунун негизинде, Падаван айыл тургундарынын жана N124 орто мектебинин жамаатынын биргелешкен билдирүүсүнүн жана педагогикалык кеңешмесинин жыйынынын протоколун (2025-жылдын 20-майындагы №5) карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндө" токтомун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008- жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык Датка айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясын угуп жана талкуулап
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын Падаван айылын Мачак участкасындагы №132 негизги мектебине Жусуп Абдрахмановтун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышы Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.А. Каримовко жүктөлсүн;
3. Мектепке ысым ыйгаруу боюнча чыгымдар демилгечи тарапка жүктөлсүн;
4. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы.Мамасалиевага жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Датка айыл аймагынын айылдык Кеңештин “Социалдык коргоо жана маданий маселелер” боюнча комитетине тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |