Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 11-июнундагы № 6/8
Датка айыл аймагынан таштанды чыгарууга Көп тармактуу Датка атындагы муниципалдык ишканасына тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 8-августундагы "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар" Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Көп тармактуу Датка муниципалдык ишканасына жетекчилигинин кайрылуусун карап жана сессияда талкуулап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынан таштанды чыгаруу үчүн Көп тармактуу Датка атындагы муниципалдык ишканасына төмөнкү тариф бекитилсин:
- айына бир кожолуктан 250 сомдон;
-таштанды чыгаруу графигин иштеп чыгуу жана айыл өкмөтүнө бекитүүгө киргизилсин (айына эки жолудан кем эмес);
2. Көп тармактуу муниципалдык ишкананын жетекчилигине:
- кызматтарды керектөөчүлөр менен келишим иштеп чыгуу жана түзүү жагы жүктөлсүн;
- катуу-тиричилик калдыктарын (таштандыларды) ташып чыгаруу менен алектенген жеке ишкерлер арасында ачык сынак өткөрүү жагы жүктөлсүн;
3. Бул токтомдун аткарылышы Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.А. Каримовго жүктөлсүн;
4. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы.Мамасалиевага жүктөлсүн;
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Датка айылдык Кеңештин “Бюджет жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |