Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 11-июнундагы № 7/8
Датка айыл аймагына караштуу №5459 Маруфий шайлоо участкасын Ташлак айылына өзүнчө шайлоо участка катары берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Датка айыл аймагына караштуу Ташлак айылында 2025-жылдын 11-июнунда өткөн элдик жыйындын №12-протоколунун негизинде, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана шайлоону уюшкандыкта өткөрүү максатында жана сессияда талкуулап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагына караштуу Ташлак айылындагы № 5459 шайлоо участкасында шайлоочунун саны 4288 болуп кеткендигине байланыштуу эки участка кылып түзүүгө макулдук берилсин;
2. Тиешелүү документтерин даярдоо жагы Датка айыл өкмөтүнүн башчысы З.А.Каримовго милдеттендирилсин;
3. Бул токтом Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн;
4. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы.Мамасалиевага жүктөлсүн;
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Укук коргоо, депутаттык иш жана этика, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |