Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 11-июнундагы № 8/8
Датка айыл аймагынын үй-бүлөлөрүнө табигый кырсыктан өрттөн зыян тарткандарга бир жолку материалдык жардам бөлүп берүү жөнүндө
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алуу менен, Датка айыл аймагынын өрттөн зыян тарткан үй-бүлөөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү максатында, келип түшкөн арыздарды карап жана талкуулап Датка айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын үй-бүлөлөрүнө табигый кырсыктан өрттөн зыян тарткандарга бир жолку материалдык жардам 50 000 (элүү миң) сомго чейинки өлчөмүндө бекитилсин;
2. Датка айыл кеңешинин тиешелүү профилдик комиссиясынын ар бир конкреттүү учур боюнча кароосуна тиешелүү документтерди даярдоо (жабырлануучунун дареги, аты-жөнүн көрсөтүү менен) жана берүү аймактын айыл башчыларына жүктөлсүн;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы.Мамасалиевага жүктөлсүн;
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Датка айылдык Кеңештин “Бюджет жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |