Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз IХ сессиясы
2025-жылдын 07-августундагы № 1/9
Айыл өкмөтүнө техника алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы №633 тескеменин негизинде, Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө «Мамлекеттик лизинг компаниясы» тарабынан лизингке кызматтык автоунаа «Шевролет-треккер» лизинг аркылуу алуу максатында, Датка айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө «Мамлекеттик лизинг компаниясы» тарабынан лизингке кызматтык автоунаа «Шевролет-треккер» алууга макулдук берилсин;
2. Алынган автоунааларды лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингке алынган техникаларын өз эсебинен башка чыгашалардын акча каражаты каралсын;
3. Кызматтык автоунаанын төлөмдөрү 5 жыл аралыгында (6 пайыз өлчөмүндө) төлөө жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.
4. «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу айыл өкмөтүнүн башчысы Каримов Залкарбек Абдурасуловичке жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кенешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |