Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз IХ сессиясы
2025-жылдын 07-августундагы № 2/9
Датка айыл аймагында кошумча жаңы шайлоо участкаларынын ачылышы боюнча
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" 2011-ж. 2-июлундагы №68 Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-берененин 5-пунктунун талаптарын жетекчиликке алып, Датка айыл аймагында шайлоочунун саны көп болуп кеткендигине байланыштуу, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана шайлоону уюшкандыкта өткөрүү максатында жана Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши сессияда талкуулап
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагында:
- Маданият айылынын Бекишев көчөсүндөгү Т.Мусаев атындагы орто мектебинде;
- Медресе айылынын Мамыт Муратов (222 квартал) көчөсүндөгү №142 орто мектебинде;
- Таштак айылы Нооруз көчөсүндөгү №124 орто мектебинде,
кошумча үч жаңы шайлоо участкаларын түзүүгө макулдук берилсин;
2. Тиешелүү документтерин даярдоо жагы Датка айыл өкмөтүнүн башчысы З.А.Каримовго милдеттендирилсин;
3. Бул токтом Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн;
4. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы.Мамасалиевага жүктөлсүн;
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин “Укук коргоо, депутаттык иш жана этика, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар менен байланыштар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |