Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз IХ сессиясы
2025-жылдын 07-августундагы № 3/9
«Актан Нуру» балдар бакчасына жаңы бир топ ачуу жөнүндө»
Датка айыл аймагынын Медресе айылынын «Актан Нуру» бала бакчасынын жетекчилигинин кайрылуусун (чыг. №8 31.07.2025 ж.) карап чыгып, Датка айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын Медресе айылындагы "Актан Нуру" бала бакчасына мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы бир тобун ачууга макулдук берилсин;
2. Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынан "Актан Нуру " бала бакчасынын ишин толук кандуу уюштуруу үчүн кошумча штат ачууну суралсын;
3. Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнү ФЭБ башкы адиси М.Тажиковага Медресе айылындагы "Актан Нуру" балдар бакчасынын жаны ачыла турган бир топту тамактануу чыгымдарын эске алуу менен 2025-жылдын II-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Датка айылдык кеңешке бюджет бекитүүгө сунуш киргизилсин;
4. Ушул токтомду аккаруу жагы Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнун башчысы орун басары Б.Маданбековко милдеттендирилсин;
5. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы.Мамасалиевага жүктөлсүн;
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин “Социальдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |