Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги Х сессиясы
2025-жылдын 05-сентябрындагы № 1/10
Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Медресе
айылындагы Алиханов көчөсүнүн Чолок көчөсүнө Эргешбай Кочоровтун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Медресе айылынындагы Алиханов көчөсүнү жашоочуларынын арызын жана протоколун (№1 08.08.2025-ж.) негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык Датка айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы карап, талкулап
Токтом кылат:
1. Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Медресе айылындагы Алиханов көчөсүнүн Чолок көчөсүнө (870 метр) Эргешбай Кочоровтун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин;
2. Көчөлөрдү кайра атоо боюнча чыгымдар демилгечи тарапка жүктөлсүн;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Социалдык коргоо жана маданий маселелер” боюнча комитетине тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |