Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги Х сессиясы
2025-жылдын 05-сентябрындагы № 3/10
Коомдук тартипти, санитардык коопсуздукту жана жарандардын
түнкү эс алуу укуктарын камсыз кылуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруунун алкагында, коомдук тартипти , санитардык коопсуздукту жана жарандардын түнкү эс алуу укуктарын камсыз кылуу максатында, Датка айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы карап, талкулап
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын аймагында өзүнчө регламент боюнча иштеген атайын бөлүнгөн жана лицензияланган концерттик аянтчаларды (контролдонуучу үн өткөрбөөчү жана атайын уруксат берүү режими бар жабык Сахна комплекстерин) кошпогондо, бардык салтанаттуу иш-чараларды милдеттүү түрдө аяктоо жана ресторандардын, банкеттик залдардын ишин саат 22:00дөн кечиктирбей толук токтотуу белгиленсин;
2. Ушул токтомдун аткарылышын Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары – жооптуу катчысы Б. Маданбековго, А.К. Султанов атындагы Кара-Суу РИИБдин Мады АМБнун башчысы милицияны майору М.А. Осмоновко, Датка айыл аймагынын айыл башчыларына жана Датка айыл аймагынын айылдырынын көчө башчыларына милдеттендирилсин;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча” комитетине тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |