Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги Х сессиясы
2025-жылдын 05-сентябрындагы № 4/10
Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Топ-Терек айылындагы №27 негизги мектебине класс ачуу жөнүндө
Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Топ-Терек айылындагы №27 негизги мектебине тоолуу шарты жок оор жана Лангар айылынын Култаев орто мектебинен 4 чакырым алыста жайгашкандыгына байланыштуу, жашаган тургундардын, мектеп администрациясынын билдирүүсү (2025 -жыл. 3-сентябрындагы чыг.№167) карап чыгып,Датка айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы карап, талкуулап
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Топ-Терек айылынын №27 башталгыч мектебине төмөндөгү класстарды 2025-2026 жылында:
- 1 класс т12 жылдык – 12 окуучуга;
- 2 класста 12 жылдык - 10 окуучуга;
- 2 класс 11 жылдык – 11 окуучуга;
- 3 класста - 13 окуучуга;
- 4 класста - 20 окуучуга;
- 6 класста - 9 окуучуга;
- 8 класста -7 окуучуга;
- 9 класста - 13 окуучуга ачууга уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары – жооптуу катчысы Б. Маданбековго милдеттендирилсин;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Социалдык коргоо жана маданий маселелер” боюнча комитетине тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |