Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 05-сентябрындагы № 6/10
Датка айыл аймагынын айыл чарба керектөөчүүлөрү үчүн сугат сууну пайдалангандыгы үчүн акы белгилөө жөнүндө
Көп тармактуу Датка муниципалдык ишканасынын жетекчилигинин кайрылуусун жана Датка айылдык аймагынын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн чогулушунун жыйынтыгын карап чыгып, (2025-ж. 3-мартындагы протоколун) негизинде, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги Х сессиясы карап, талкуулап
Токтом кылат:
1 Датка айыл аймагынын айыл чарба керектөөчүлөрүүнө сугат суу пайдалануу акысы 2025-жылдан баштап сезонуна бир гектарына 2000 сомдон белгиленсин;
2. Бул токтомду аткаруу көп тармактуу Датка муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Рыскелдиевге жана Датка айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |