Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги ХII сессиясы
2025-жылдын 31-октябрындагы № 1/12
Датка айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Датка айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин отчетунун аткарылышынын жыйынтыктарынын негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселесин тийиштүү адистер менен такталгандыгы, бул маселени айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда каралып, алар тарабынан киргизилген сунуштардын жана протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-статьясын жетекчиликке алуу менен айылдык кеңеш:
Токтом кылат:
1. 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен 8027,1 миң сом ашыкча тушкон кирешелерди, зарыл болгон жумуштарды аткаруу максатында бюджетке төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-70111 «Башкаруу аппарат» тармагына 2215 статьясына – 230,0 миң сом, 3112 статьясына 340,0 миң сом, жалпысынан 570,0 миң сом отургузулсун.
-70111 «Айыл кеңеш» тармагына 3112 статьясына –200,0 миң сом
жалпысынан 200 миң сом отургузулсун;
-70629 «Турак-жай, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр» тармагынын:
2215 статьясына 317,5 миң сом, 3111статьясына 1474,6 миң сом,
3112 статьясына 440,0 миң сом,болуп жалпысынан 2232,1 миң сом отургузулсун.
-70825 “Маданий иш чаралар” тармагына 2215 статьясына 150,0 мин сом
-70911 « Мектепке чейинки билим берүү » тармагынын
2222 статьясына 435,0 миң сом, жалпысынан 435,0 миң сом отургузулсун.
-70921 « Орто билим берүү » тармагынын:
2221 статьясына 320,0 миң сом, 2222- статьясына 596,3 миң сом, 2231 статьясына 120,0 миң сом, 3111 статьясына 2843,7 миң сом, 3112 статьясына 310,0 миң сом, жалпысынан 4190,0 миң сом отургузулсун.
- 71092 «Социалдык коргоо» тармагынын 2721 статьясына -250,0 миң сом
Жалпысы бардык тармактар боюнча 8027,1 миң сом отургузулсун.
2. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |