Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз ХIII сессиясы
2025-жылдын 11-ноябрындагы № 1/13
“Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Шарк айылында жайгашкан №258 жана 259 контурдагы 4,75 га жер аянтынын Айыл чарба багытындагы жерлер "категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери " (көрүстөн ачууга) категориясына которуу жөнүндө”.
Датка айылдык аймагынын көрүстөндөрүнүн астында жайгашкан жерлерди оперативдүү башкаруу максатында ошондой эле Шарк айылынын тургундарынын кайрылууларын кароо жана чечүү максатында (кир.№ 305 3.09. 2024 ж.), Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин №18 – беренесин жетекчиликке алып, талкуулап Датка айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагын Шарк айылында жайгашкан №258 жана 259 контурдагы 4,75 га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер "категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери" (көрүстөн ачууга) категориясына которууга макулдук берилсин;
2. Аталган жерлер боюнча тиешелүү иштерди аткаруу Датка айыл өкмөтунун башкы жер адистерине жүктөлсүн;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Кадастр” мекемесинин Кара-Суу райондук филиалынан суралсын;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айыл аймагын айылдык кеңешинин «Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына» тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |