Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз ХIII сессиясы
2025-жылдын 11-ноябрындагы № 4/13
"Авангард" медициналык борборунун ээлеп турган 3633,2 чарчы метр
жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл. 20 октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын “Жергиликтүү маанидеги маселелер” №27-беренесин жетекчиликке алып,Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн (№01-13/1983 07.11.2025-ж.) катынын негизинде, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз ХIII сессиясы
Токтом кылат:
1. "Авангард" медициналык борборунун ээлеп турган 3633,2 чарчы метр жер аянтын муниципалдык менчикке алынсын;
2. Аталган "Авангард" медициналык борборуна тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам чегинде даярдоо, Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн адистерине жүктөлсүн;
3. "Авангард" медициналык борборуна тийиштүү болгон иш кагаздарды Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Жэер ресурстар , кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигин Кара-Суу филиалынан суралсын;
4. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык Кеңешинин “Бюджет жана финансы маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |