Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз ХIII сессиясы
2025-жылдын 11-ноябрындагы № 5/13
Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Шарк айылында
жайгашкан №262 контурдагы 1,22 га аянтынына Арсен Мухтаралиевич Кочоновко караштуу жер үлүшүнө Ден соолукту чыңдоо жана спорт комплексин куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин №18 беренесинин жетекчиликке алып, жеке ишкер Арсен Мухтаралиевич Кочоновтункайрылуусун негизинде жана Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Жер, турак–жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын (2025-ж. 20-ноябрындагы №12б) протоколун карап чыгып, талкулап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз ХIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Шарк айылында жайгашкан №262 контурдагы 1,22 га аянтын Арсен Мухтаралиевич Кочоновко караштуу жер үлүшүнө Ден соолукту чыңдоо жана спорт комплексин куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууга макулдук берилсин;
2. Аталган жерлер боюнча тиешелүү иштерди аткаруу Датка айыл өкмөтунун башчысы З.Каримовко жүктөлсүн;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы.Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Кадастр” мекемесинин Кара-Суу райондук филиалынан суралсын;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айыл аймагын айылдык кеңешинин «Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына» тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |