Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз ХIII сессиясы
2025-жылдын 11-ноябрындагы № 6/13
Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Шилибили участкасынын
жашоочусу Ч.Жумашевага таандык №150 контурдагы 0,60 сотых жер
аянтын жеке менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин №18 – беренесин жетекчиликке алып, Датка айыл аймагынын Шилибили участкасынын жашоочусу Ч.Жумашеваны кайрылуусунун негизинде жана Датка айыл аймагынын айылдык кенешинин “Жер, турак–жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын (2025-ж. 20-ноябырындагы №12в) протоколун карап чыгып, талкуулап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз ХIII сессиясы
Токтом кылат:
1 Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Шилибили участкасынын жашоочусу Ч.Жумашевага таандык №150 контурдагы 0,60 сотых жер аянтын муниципалдык менчиктен жеке менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин;
2. Аталган жерлер боюнча тиешелүү иштерди аткаруу Датка айыл өкмөтүнүн башчысы З.Каримовко жүктөлсүн;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы.Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Кадастр” мекемесинин Кара-Суу райондук филиалынан суралсын;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айыл аймагын айылдык кеңешинин «Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына» тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |