Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз ХIII сессиясы
2025-жылдын 11-ноябрындагы № 7/13
Датка айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Датка айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин бекитилген кирешелер бөлүгүнө кирешелер салыгынан ашыкча түшүүсү күтүлүүдө, 2025-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселесин тийиштүү адистер менен такталгандыгы, бул маселени айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда каралып, алар тарабынан киргизилген сунуштардын жана протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109-статьясын жетекчилике алуу менен Датка айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
Токтом кылат:
1. 2025-жылдын жыйынтыгы менен кирешелер бөлүгүнүн планына 5000,0 миң сом ашыкча түшөөрү күтүлгөндүгүнө байланыштуу, зарыл болгон жумуштарды аткаруу максатында бюджетке төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-70629 «Турак-жай, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр» тармагынын:
3111 статьясына 4500,0 миң сом,
жалпысынан 4500,0 миң сом жайгаштырылсын.
-70921 « Орто билим берүү » тармагынын
3111 статьясына 500,0 миң сом,
жалпысынан 500,0 миң сом жайгаштырылсын.
Жалпысы бардык тармактар боюнча 5000,0 миң сом жайгаштырылсын.
2. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |