Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз ХIV сессиясы
2025-жылдын 25-декабрындагы № 2/14
Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Беш -Бадам
участкасындагы №30 жана №31 контурлардагы жалпы 1,68 га
жайыт жерин мамлекеттик менчикке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-ж. 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын “Жергиликтүү маанидеги маселелер” №27-беренесин жетекчиликке алып,Датка айыл аймагынын айылдык кенешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун (2025-ж. 17 декабрындагы №13-а протоколу) негизинде, Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнун (чыг. №2025-ж. 08 декабырындагы ) катын карап чыгып, талкуулап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Беш -Бадам участкасындагы №30 жана №31 контурлардагы жалпы 1,68 га жайыт жерин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин;
2. Аталган жерлер боюнча тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнүн башчысы З.Каримовко жүктөлсүн;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык Кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |