Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз ХIV сессиясы
2025-жылдын 25-декабрындагы № 3/14
Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Ачы участксында турак үйлөрдү курууга максатында мурун берилген 0,06 га дан 41 даана жалпы 2,46 га жер тилкелерди муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-ж. 20 октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын “Жергиликтүү маанидеги маселелер” №27-беренесин жетекчиликке алып, Ош облусунун Администартивтик сотун 2025-жылдын 30-сентябрындагы №АД-284/25 МР чечиминнегизинде, Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнүн (чыг. №2025-ж. 16 декабрындагы № 01-13/2186) катын карап чыгып, талкуулап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Ачы участкасында турак үйлөрдү куруу максатында мурун берилген 0,06 га дан 41 даана жалпы 2,46 га жер тилкелерди муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин;
2. Аталган жерлер боюнча тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнун башчысы З.Каримовко жүктөлсүн;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык Кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |