Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз ХIV сессиясы
2025-жылдын 25-декабрындагы № 4/14
Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Ачы участкасындагы №№20,21,23 жана 26 контурлардагы жалпы 5,0 га жайыт жер тилкесин
Медресе айылынын тургуну М.Хаитовко мисте багын андан ары өстүрүү максатында 49 жылга ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-ж. 20 октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын “Жергиликтүү маанидеги маселелер” №27-беренесин жетекчиликке алып,Датка айыл аймагынын айылдык кенешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун (2025-ж. 17-декабрындагы №13б протоколу) негизинде карап чыгып, талкуулап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз ХV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Ачы участкасындагы №№20,21,23 жана 26 контурлардагы жалпы 5,0 га жайыт жер тилкесин Медресе айылынын тургуну М.Хаитовко мисте багын андан ары өстүрүү максатында 49 жылга ижарага берүүго макулдук берилсин;
2. Аталган жерлер боюнча тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адистерине жүктөлсүн;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык Кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |